Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандан аткезчилик жол менен келе жаткан жүк кармалды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 605 | 0

«Мамай» чек ара тилкесинде 20 коробка (2400 даана) курамында никотин бар продукция алып келе жаткан Кыргызстандын А.Ж. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган тамеки продукциясы тиешелүү документтери жок Өзбекстандан алынып келе жаткан.

Товардын наркы 600 миң сомду түзсө, бажы төлөмдөрүнүн алдын ала суммасы 206 миң 400 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM