Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Өзбекстандын экономикасына да салым кошобуз

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 2609 | 0

2022-жылдын 1-январынан баштап «Эркечтам» менен «Торугарт» өткөрмө пункттарынан айына 5 миң жүк ташуучу унаа кирип турушу керек. Эгерде 5000 машина кирип, жүктүн бир килограммына жок дегенде бир доллардан алсак, бир жылда 60 миң унаа болот жана 1 млрд 188 млн долларга чейин кошумча акча табабыз. Ошол механизмдердин баарын президент Садыр Жапаровго көрсөттүк, Өкмөттө аны бекиттип, ишке ашырууга кириштик. Өзбекстан Кытайдан күнүнө 6 миң жүк ташуучу унаа өткөрүп берип туруу суранычы менен кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан «Эркечтам» өткөрмө пунктунан Кызыл-Кыя шаарына чейин жолду чогуу курууну сунуштап жатат.

«Ошондой эле Өзбекстан кышында «Эркечтамдан» келе жатканда эки ашууда тайгалак болгон жерлерди чогуу тазалап турууну сунуштап жатат. Биз колубуздан келгенче Өзбекстандын экономикасына да салымыбызды кошконго аракет кылабыз. Коронавирус пандемиясына чейин бизден 12 миң унаа өтүп жаткан. Кытай дезинфекциялык пуктту жана контейнерлерди улам-улам орнотуп турган кран коюну талап кылып жатат. Бул боюнча иштер «Торугартта» бүтүп калды, «Эркечтамда» куруу иштери бир жумада аяктайт», — деди Жапаров.

Мындан сырткары товарлардын чектелүү өлчөмдө кирип жатканына Айыл чарба министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Бажы кызматы тарабынан түзүлгөн эрежелер себеп болуп келгенин айтты. Ошондой эле ал аталган эрежелер алынып салынганын билдирди.

Эксперт: Мирзиёевдин кайра шайлануусу Борбор Азия үчүн пайдалуу

Copyright © 2017 Maral FM