Биз менен байланышыңыз

Бакетаев: Мамлекеттик казынада 23 млрд сомдон ашык акча бар

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 958 | 0

Кыргызстандын мамлекеттик казынасында 23 млрд сомдон ашык акча бар. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдиргенин парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бакетаевдин айтымында, акыркы 5 айда мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 66 млрд 852 млн сомду түздү, бул бекитилген пландан 3%га көп. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 64 млрд 896 млн сомду, чыгаша бөлүгү 64 млрд 80 млн сомду түздү. Бюджетке 1 млрд 956 млн сом көбүрөөк түшкөн.

Депутаттар киреше бөлүгү көбөйгөнүнө карабастан, республикалык бюджеттин абалы анчалык деле жакшы эмес экенин белгилешти. Алар январь-май айларындагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат кечигип келип түшкөнүн жана конкреттүү маалыматтарды камтыбаганын белгилешти. Парламент өкүлдөрү чиновниктердин жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароону сунушташты.

Депутат Айбек Алтынбеков кошумчалагандай, Бажы кызматы бекитилген планды аткара алган жок, бул абалды жакшыртуу боюнча да эч кандай иш-аракеттер жасалган эмес. «Кадрлар жаңыртылды, бирок Бажы кызматынын иши жакшырган жок», – деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM