Руслан Татиков менен Данияр Амангелдиев Экономика жана каржы министринин орун басарлары болуп дайындалышты. Тиешелүү буйрукка 16-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Алар бүгүн Экономика жана финансы министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырылды.
Министрдин орун басары Мирланбек Байгончоковдун ордуна Руслан Татиков келди. Ал эми министрдин орун басары Айдын Шаршеевдин ордуна Данияр Амангелдиев дайындалды.