Биз менен байланышыңыз

Бажы башчысы коррупцияга аралашты делген 40 кызматкерин иштен бошотту

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 1070 | 0

Коррупцияга тиешеси бар делген 40 бажы кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков маалымат жыйында билдирди.

Бажы кызматы журналисттик иликтөөдө коррупцияга аралашкан деп саналган 40 кызматкерди текшерген.

Анын жыйынтыгында тизмедегилердин көбү кызматынан бошотулса, айрымдары буйрук менен кеткен.

«Бул ишке тиешеси жоктор да болгон. Журналистикалык иликтөө эң сонун иш, бирок муну объективдүү чагылдыруу керек», — деп кошумчалады Кубанычбеков.

Copyright © 2017 Maral FM