Биз менен байланышыңыз

Мобилдүү топтор чек ара аймагынан 4 аткезчилик фактысын аныктады

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 586 | 0

Баткен облусунда аткезчиликке бөгөт коюу максатында иш алып барып жаткан мобилдүү топтор жергиликтүү ыктыярчы жаштар менен бирге рейд жүргүзүп, 10 күн аралыгында чек ара аймактарынан 4 аткезчилик фактысын аныктады. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жарандар мыйзамсыз жол менен кошуна мамлекеттерге жүк өткөрүүнү көздөгөн. Алынган товарлар негизинен жашылча-жемиш, азык-түлүк жана турмуш-тиричиликке керектүү ар түрдүү материалдар экени аныкталып, бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

УКМК, бажы, ички иштер кызматы, салык кызматтарынан турган мобилдүү топтор азыркы учурда да Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарын көзөмөлгө алууда.

Copyright © 2017 Maral FM