Биз менен байланышыңыз

Ошто 3 млн сомдук аткез товар кармалды

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1427 | 0

Ошто 3 млн сомдук аткез товарлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылында «Мерседес Бенц 814D» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда өлкө аймагына Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан аялдардын жана эркектердин кийимдери, ат жабдыктары (ээрлер, ноктолор) жана башка буюмдар табылган.

Товарлардын жалпы наркы 3 млн сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM