Биз менен байланышыңыз

Ошто ири өлчөмдө акча уурдап жүргөн 13 жаштагы кыз кармалды

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 1475 | 0

Ошто ири өлчөмдө акча уурдап жүргөн 13 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын март айынан бүгүнкү күнгө чейин Алай райондук ички иштер башкармалыгына Гүлчө айыл аймагынан уурулук боюнча арыз-даттануулар түшүп турган.

Аталган арыздар боюнча жүргүзгөн криминалдык милиция кызматкерлеринин иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Гүлчө айылынын тургуну, 8-класстын окуучусу, Н.С. аттуу 13 жашар кыз кармалды.

Жетишпестиктен улам аталган кыз апасы жасап берген мантыны коомдук жайларга кыдырып сатып жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ал ошол эле маалда унаалардын ичинен акча жана баалуу буюмдарды уурдап кетип турган.

Уурдалган акчалардын эң ири өлчөмдөгүсү 2 миң 800 доллар болгон, анын айрым бөлүгү кыздын үйүнөн табылып, ээлерине кайтарылып берилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 200-беренеси («уурдоо») менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Мындан ары өспүрүм кыздын жашоосу жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнөт.

Copyright © 2017 Maral FM