Биз менен байланышыңыз

Баткенде кызмат өтөгөн аскерлердин 1 жылы 2 жыл деп эсептелет

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 1432 | 0

Министрлер кабинети «Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө» токтом даярдады.

Токтомдо ушул жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин ички аскер кызматкерлеринин айлыгын 40 %га көтөрүү каралган.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин ички аскер кызматкерлеринин өзгөчө шарттарда иштей турганын эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта кызматкерлердин 1 жылдык эмгек күнү эми 1,5 жыл деп эсептелери, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөндөрдүн 1 жылы 2 жылга тете деп эсептелери белгиленген.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM