Биз менен байланышыңыз

УКМК: 135 миң доллар алып, качып жүргөн милиция кызматкери кармалды

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 1267 | 0

Издөөгө алынган Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, О.А. аттуу жаран Октябрь райондук милициясынын кызматкери С.Р. 135 миң долларын алдап алып, ар кандай шылтоолор менен бербей жатканын айтып арыз жазган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жасоо) менен иш козголгон.

Биринчи Май райондук соту С.Р.ны камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарып, шектүү издөөгө алынган.

Иликтөө операцияларынын натыйжасында шектүү Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында жашынып жаткан жеринен колго түшкөн.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

УКМК С.Р. аттуу милиция кызматкеринен жапа чеккендер болсо, (0312) 66-04-75 (нөөмөт бөлүмү), (0702) 23-32-43 (WhatsApp) номерлерине байланышып коюуну өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM