Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы кафеден кыргыз жигит киши колдуу каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 755 | 0

Орусиянын Ульяновск шаарында Кыргызстандын жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ульяновск облустук тергөө башкармалыгы билдиргенин REGNUM маалымат агенттиги жазды.

Каргашалуу окуя кечээ, 20-декабрдын кечинде болгон. Кафелердин биринде чогуу иштеген 21 жаштагы орус улутундагы жигит менен 20 жаштагы кыргыз улутундагы жигит чырлаша кеткен.

Натыйжада орус жигит Кыргызстандын жаранын бычак менен сайып жиберип, жабыркаган жигит окуя болгон жерде каза тапкан.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM