Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери пара менен кармалды

Кыска кабар | 9 Ноя 2021 | 539 | 0

Пара талап кылып алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөп, айрым жарандарга акча уурдоо фактысы боюнча жасалма арыз даярдаткан.

Жыйынтыгында, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 миң сом талап кылган.

Аталган материал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине опузалап пара алуу фактысы менен катталды.

4-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылынын аймагында пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь районунун Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары милициянын майору Н.Э.Д. кармалды.

Кармалган милиция кызматкеринин авто унаасын тинтүү учурунда, ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, 5 миң 600 доллары жана белгисиз жарандардын бир нече паспорттору табылган.

Кармалган Н.Э.Д. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM