Биз менен байланышыңыз

Криминалдык милиция кызматынын аталышы өзгөрдү

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 362 | 0

Криминалдык милиция кызматы Кылмыш иликтөө кызматы болуп өзгөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Криминалдык милиция кызматы президенттин «ИИМди реформалоо жөнүндө» жарлыгынын жана Өкмөттүн ушул багыттагы токтомунун негизинде 2017-жылдын август айында өзүнчө кызмат болуп түзүлгөн.

Ага чейин кылмышкерлер менен күрөшкөн бөлүм катары иш алып барып келген.

Copyright © 2017 Maral FM