Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Унаа оңдоочу жайдагы беш унаа өрттөнүп, бир адамдын колу күйдү

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 674 | 0

16-августта Жалал-Абад шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү «Келечек» акционердик коомуна караштуу унаа оңдоочу жай өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Унаа оңдоочу жайдын 432 чарчы метр аянты ичиндеги 5 автоунаа менен кошо өрттөнүп, 24 жаштагы А.Р. аттуу жарандын колу күйүп калган.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM