Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча соттук отурум өтөт

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 463 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда быйыл апрель айында уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын барымтага алынышы боюнча соттук отурум өтөт. Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакунов «Фейсбук» баракчасына жазды.

Адвокат Нурбек Токтакунов Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген милициянын шалаакылыгы тууралуу айтып берүүнү убада кылган.

Учурда кылмыш иши УКМКнын шаардык башкармалыгында тергөө стадиясында жана прокуратуранын көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, быйыл 5-апрелде Айзада Канатбекованы топ бала ала качкан. Эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган. Айзаданы урдоого катышкан Ажикабыл Рысбай уулу, Сыймык Молдосариев жана Орузбек Нурумбетов 7 жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов 6 жарым жылга эркинен ажыратылган.

Copyright © 2017 Maral FM