Биз менен байланышыңыз

Баткен: Малын издеп чек арадан өткөн Айдаровдун абалы орто оор

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 1003 | 0

1-декабрь саат 14:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын 65 жаштагы тургуну Ж. Айдаровдун ую Тажикстандын Исфара районунун Майский айылына кирип кеткен. Артынан издеп барган ээсин Тажикстандын чек арачылары кармап, Исфаранын милициясына өткөрүп беришкен.

Окуядан улам топтолгон Көк-Таш айылынын тургундары Ж. Айдаровду Тажистандын жарандары урганын айтышып, Тажикстандын Майский айылынын 1962-жылы туулган тургуну Сабиров Камалды кармап алышкан. Андан соң тажик тараптан да 10-15ке жакын адам чогулган.

Эки тараптын ички иштер кызматкерлери сүйлөшүү жүргүзүп, тажик тарап Айдаровду Баткен милициясына өткөрүп берген. Ал учурда Баткен ооруканасында жатат.

Бул факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучунун алган жарааты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда аймакта абал тынч. Милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM