Connect with us

«Аутизмди жеңебиз kg» борборундагы баланын сабалышы боюнча окуя Рысбекованын көзөмөлүндө

Кыска кабар | 22 Май 2021 | 724 | 0

Бишкек шаарындагы «Аутизмди жеңебиз kg» коомдук фондундагы баланын сабалышы боюнча окуя Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган мекемеге келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6 жаштагы баланы сабап жатканы чагылдырылган видео тараган.

Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Жыпариса Рысбекова баланын энеси Назгүл Асанова менен жолуккан. Баланын энеси үй-бүлөнүн ал-акыбалы жана болуп өткөн окуя жөнүндө айтып берген. Учурда бул үй-бүлө 6 жаштагы Иса Ражапалиевге адистештирилген дарылоодон өтүү үчүн Ош облусунан Бишкек шаарына убактылуу көчүп келгендиги белгилүү болду.

Баарлашуунун жүрүшүндө Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл келечекте балдарга карата мындай зордук-зомбулук фактыларына көзөмөл күчөтүлөрүн белгиледи.

Социалдык кызматтарды көрсөткөн бардык уюмдарга кабинеттерине видеокамераларды орнотуп, жумушка алууда кызматкерлерди кылдаттык менен тандап алууну, мындай уюмдарда иштеген кызматкерлерге талапты күчөтүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө баланын энеси Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз берди.

Copyright © 2017 Maral FM