Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 748 | 0

Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 14-майда болжол менен саат 15:54төр чамасында катталган.

Жер титирөө Ош облусунун калктуу конуштарында:

  • Бор-Дөбө айылында — 5 балл;
  • Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол, Сары-Таш, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Ачык-Суу – 4 балл;
  • Нура, Эгиз-Аяк, Эркеч-Там, Кежиге, Кичи Каракол, Ак-Талаа,Чий-Талаа, Көлдүк, Терек, Сопу-Коргон, Жерге-Тал, Ак-Жай, Чоң Каракол, Кызыл-Алай, Ак-Босого, Ак-Жылга, Кожокелен, Кичи-Алай, Кабык, Кызыл-Эшме, Даарот-Коргон, Кара-Шыбак, Жар-Башы, Шибээ, Карамык, Кара-Тейит, Кулчу, Чак, Жаш-Тилек жана Лангар айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Copyright © 2017 Maral FM