Биз менен байланышыңыз

Товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө жобо бекитилди

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 747 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жобо Кыргызстанда товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасынын түзүмүн түзүү жана функцияларын аныктоо боюнча жалпы талаптарды аныктайт.

Бекитилген документтин ченемдерине ылайык, идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого Кыргызстанда өндүрүлгөн жана Кыргызстандын аймагына импорттолуп, ошондой ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине экспорттолуучу Өкмөттүн маркалоо жөнүндө чечим кабыл алган товарлар кирет.

Маркалануучу товарларда идентификациялоо каражаттарынын болушу керектөөчүлөргө сатуу, ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары Кыргызстандын аймагынан ташып чыгаруу үчүн сактоо же технологиялык процесстерге ылайык товарларды маркалоого чейин өндүрүүчү тарабынан сактоодон тышкары сактоо учурларында милдеттүү болуп саналат.

Эске салсак, 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан кол коюлган, Евразия Экономикалык Биримдигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуу ушул жылдын 29-мартында күчүнө кирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM