Биз менен байланышыңыз

Парламент Министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 1142 | 0

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган Министрлер кабинетинин жаңы курамы каралып, 97 депутаттын, 88и макул болуп колдоо тапты. Талапкерлерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калмаматов тааныштырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын көтөрүү, мамлекеттик бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, чек ара жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, калктын абалын жакшыртуу жаатында шашылыш чараларды көрүү зарыл экендигин белгиледи.

Министрлер кабинетинин жаңы курамында төмөнкүлөр бар:

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын башчысы – Акылбек Жапаров;

Төраганын биринчи орун басары – Арзыбек Кожошев;

Төраганын орун басары – Азиз Аалиев;

Төраганын орун басары – Эдил Байсалов;

Төраганын орун басары – УКМКнын төрагасы – Камчыбек Ташиев;

Экономика жана коммерция министри – Данияр Амангелдиев;

Финансы министри – Алмаз Бакетаев;

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри – Руслан Казакбаев;

Юстиция министри – Аяз Баетов;

Транспорт жана коммуникация министри – Эркинбек Осоев;

Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министри – Аскарбек Жаныбеков;

Энергетика министри – Доскул Бекмурзаев;

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри – Динара Кутманова;

Саламаттыкты сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;

Билим берүү жана илим министри – Болотбек Купешев;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри – Азамат Жаманкулов;

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри – Кудайберген Базарбаев;

Коргоо министри – Бактыбек Бекболотов;

Ички иштер министри – Улан Ниязбеков;

Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев.

Copyright © 2017 Maral FM