Биз менен байланышыңыз

Бишкекте гендердик теңчилик маселеси талкууланды

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 715 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тең укуктуу өнөктөштүк маселеси боюнча конференцияга катышты. Жолугушууда аялдардын жана кыздардын курч көйгөйлөрүн чечүү үчүн коомчулукту мобилизациялоо маселелери талкууланды.

Жылдыз Бакашова гендердик теңчиликти сактоо жана аялдар менен кыздардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча демилгелерди мындан ары да колдоого даярдыгын билдирди.

«Министрлер кабинети тарабынан гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү, анын курамына мамлекеттик органдардын жана коомдук, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет. Кеңеш тарабынан гендердик теңчилик боюнча үч жылдык улуттук стратегияны түзгөн», – деди Бакашова.

Улуттук стратегия аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, функционалдык билим берүү системасын өнүктүрүү, басмырлоону жоюу жана сот адилеттигин жеткиликтүү жогорулатуу, ошондой эле чечимдерди кабыл алууда гендердик теңчиликке көмөктөшүү, өлкөнүн саясий жашоосундагы аялдардын катышуусун жогорулатуу сыяктуу бир катар негизги компоненттерди өзүнө камтыйт.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары аймактардагы прогрессивдүү аялдарды колдоого алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өнөктөштөргө өлкөдөгү тең укуктуулукту ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM