Биз менен байланышыңыз

Депутат өкмөттүн оптимизациялоо ишин сындады

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 998 | 0

Биз өкмөттүн түзүмүн, курамын 3-февралда бекитип бердик эле, бир жумадан кийин 4 ай болот. Реформаларды, кыскартууларды кылабыз, өкмөттүн алдында да мамлекеттик кызматтардын саны кыскара турганын айтышкан болчу. Башкача айтканда, оптимизациялоо жарыяланган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ушунча убакыт өтсө да, негизи максаттардын бирөөнө да жооп ала албай жатам. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди.

Анын айтымында, оптимизациялоо жарыяланганы менен эч кандай жыйынтык боло элек.

«Оптимизациялоонун жыйынтыгында бюжетке канча үнөмдөө болду, канча мамлекеттик чиновник кыскарды, кыскаргандан кийин мамлекеттик органдын иштөөсүнүн эффективдүүлүгү кандай жогорулады, элге кандай кызмат көрсөтүп жатат, жыйынтыгы барбы-жокпу? Тилекке каршы, ушунча убакыт өтсө да, негизи максаттардын бирөөнө да жооп ала албай жатам. Мамлекеттик органдардан эч ким иштеген жок. Ошолорго шарт түзүп берүү керек. «Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт» болуп калбашы керек» , — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал көпчүлүк мамлекеттик органдардын бүгүнкү күнгө чейин иштөө жобосу, башкаруу системасы да бекитиле электигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM