Биз менен байланышыңыз

Карашев: Өкмөттүн чек ара боюнча «700 млн бөлдүк» дегенден башка эч нерсеси жок

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 1056 | 0

Жогорку Кеӊештин депутаты Аалы Карашев комитеттин жыйынында кечээ, 17-майдагы Министрлер кабинетинин өлкөнүн чек арадагы абалы боюнча берген маалыматына канааттанбаганын билдирди.

Анын пикиринде, «Баткен облусуна статус берүү жөнүндө» мыйзам жөн эле шаблон сыяктуу болуп калган. Аны менен статус берилсе деле маселе чечилбейт.

«Баары эле «ал эле, бул эле, эртең, бүрсүгүнү, программаны иштеп жатабыз, 700 млн бөлдүк» дегенден башка эч нерсе жок. Ушул мыйзамды Өкмөт керек болсо конкреттүү жазып таратып берсеңер жакшы болот  эле. Каргашалуу окуя болгондон бери 3 жума өттү. Үч жумада беш программаны иштеп чыгарып койсо болот эле. Ар бир районго, ар бир айыл өкмөткө кандай жардам берилиши керек, башка кандай объектилер курулушу керек, ошолорду конкреттүү жазып алып келсеңер, колдоп берет элек».

Ошондой эле ал эл көргөндө ишене турган реалдуу мыйзам болушу керектигин кошумчалады.

Кечээ, 17-майда Министрлер кабинетинин өлкөнүн чек арадагы абалы боюнча маалыматы жабык режимде угулган. Жыйынга тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM