Биз менен байланышыңыз

Баткен менен Согди облусунун башчылары жолугушту

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 622 | 0

Бүгүн, 3-декабрда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен чек арадагы соңку окуяларды талкуулашты. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөр Лейлек районунун «Кулунду» чек ара постунда саат 11:00дө башталган. Ага эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо маселеси каралды. Ошондой эле буга чейин чек ара аймагындагы соңку учурда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору сүйлөшүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM