Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-сентябрь саат 22:30га карата (ыкчам маалымат) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында жалпысынан 129 жабырлануучу ооруканага кайрылганын кабарлады.

Анын ичинен 7 адам үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөн.

Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында – 39 жабырлануучу;

Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарында – 4 жабырлануучу;

Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарында – 79.

«Жабырлануучулардын абалы орто оордукта деп бааланууда. Бардыгына тең тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө, кандын компоненттери, дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар жетиштүү. Каза болгондордун саны 24 адам», — деп айтылат маалыматта.