Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 3 Окт 2023 | 276 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн президент Садыр Жапаровдун сунушу каралды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын эмгек ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM