Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 5 Мар 2023 | 389 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы бул күн – куттуу элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, баалуулуктарыбыз баштаган бай маданий мурастарыбызды жайылтууга салым кошом деген жарандардын, мамлекетибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиздин башын кошо турган өзгөчө күн экенин белгиледи.

«Ак калпагыбызды жараштыра кийип даңазалаган, улуттук кийимдерибизди көркүнө чыгарган мындай иш-чаралардын өткөрүлүүсү кыргыз элинин байыркы тарыхына, бай маданиятына, бүгүнкү күнгө чейин учугу уланып келе жаткан каада-салтына кызыгууну жаратат. Ата Журтубуз менен арка-бел болуп калдайып караан туткан элибизге болгон сый-урмат сезимин күчөтөт. Ошону менен бирге укмуштай кереметтерди жараткан кол өнөрчүлөрүбүз менен уздарыбыздын көз майын короткон түйшүктүү эмгегин сыйлоого алып келет», — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле Жапаров бүгүнкү майрам күнүндө маданий мурастарды алып жүрүүчүлөр болгон кол өнөрчүлөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирип, алардын колунан чыккан салттуу кийимдерибиз улуттун улуулугун дүйнө жүзүнө таанытып, тарыхый жана маданий баалуулуктарыбыздын даңазаланышына, өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM