Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө жылына онкологиялык оорулардын 5 миңден ашык жаңы учуру катталат

Ден соолук | 4 Фев 2023 | 1436 | 0

Бүгүн, 4-февраль — рак менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Буга байланыштуу өлкөдө Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү эл аралык уюмдар менен биргеликте бир топ долбоорлорду ишке ашырууда. Демилгелер рак илдети жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана анын алдын алуу, дарылоо максатында уюштурулуп жатат. Ал эми статистикалык маалыматтарга караганда өлкөдө рак менен ооругандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Ден соолукту чыңдоо борбору өлкөдө жылына онкологиялык оорулардын 5 миңден ашык жаңы учуру катталарын билдирет.

Өлкөдө онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата Саламаттык сактоо министрлиги жана эл аралык уюмдар атайын иш-чараларды өткөрүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Зульфира Рыскулова бүгүнкү күндө өлкө боюнча 29 миң 892 адам рак менен ооругандардын тизмесинде катталганын айтты.

Ошондой эле ал жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миң жаңы учуру катталарын белгиледи.

Мындан сырткары рак менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата министрлик тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымдады.

«Өлкөдө 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча рак менен ооругандардын 5746 учуру катталган. Анын ичинен 3438 адам каза болгон. Тилекке каршы, оорулуулардын саны жыл сайын өсүп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көлдө, Жалал-Абадда, Нарында, Чүйдө жана Баткен облусунда катталууда. Бейтаптардын көпчүлүгүн аялдар түзөт. Учурда онкологиялык кызматтарды жакшыртуунун үстүндө бир катар иштерди аткарып жатабыз. Өлкөдө рак илдети жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана анын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ооруну биринчи стадиясында табуу боюнча да аракеттер көрүлүп жатат».

Министрликтин маалыматына караганда, учурда ашказан рагы менен ооругандардын саны 7063 адамды түзөт. Көкүрөк рагына чалдыккандардын саны 697 адам. Ал эми өпкө рагы менен 502 адам ооруйт. Ошондой эле жатын моюнчасынын рагы менен 421 бейтап катталган.

Онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму «Чүй облусунда аялдардын ден соолугун коргоо» долбоорун ишке ашырууда.

Уюмдун дарыгери Асел Айтекова Чүйдөгү 25-60 жаштагы аялдар эмчек жана жатын рагына акысыз текшерүүдөн өтүшкөнүн айтты. Натыйжада сүт безинин рагы менен эки аял аныкталды.

«Чүй облусундагы аялдардын ден соолугу долбоорунун максаты – бул Кыргызстанда эң көп аялдардын арасында кездешкен сүт безинин жана жатын моюнчасынын рагын аныктап чыгуу. Анын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги менен бергеликте келишимдин негизинде Жаңы-Жер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, Сокулук жалпы дарыгер практика борборунда эки скриниг борбор ачылды. Бүгүнкү күндө эки борбордо 5 миңден ашык аял сүт бези жана жатын моюнчасы боюнча текшерүүдөн өтүштү. Эки аялдын сүт безинин рагы менен ооругандыгы аныкталды».

Ал эми Улуттук онкология жана гематология борборунун директору, дарыгер Бактыгүл Султангазиеванын айтымында, рак илдети канчалык эрте аныкталса, ошончолук адамдын көбүрөөк жашашына жардам берет.

Дарыгер илдет көбөйүп жатканын жана анын себебин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Рак менен ооругандардын саны көбөйүп жатканы бул бүткүл дүйнөлүк көйгөй. Оорунун көбөйгөнүнүн бир топ себептери бар. Биринчи кезекте бул адамдын тамагынан көз каранды. Химиялык заттар, боёк, татымалдар көп кошулган тамактар, консерва, фаст-фуд, куурулган тамак, ошондой эле белоктун тамак-ашта көп колдонулушу. Экинчиси организмге сырткы факторлордун таасир этиши. Мисалы, экологиянын бузулушу, ыш, радиация, тамеки да ракты чакырат. Ошондой эле өнөкөт оорулардан пайда болот. Аларды убагында дарылоо зарыл».

Онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү эл аралык ракка каршы күрөшүү биримдиги тарабынан 2005-жылдан тарта белгиленип келет.

Максаты – дүйнө коомчулугун бул глобалдык көйгөйгө көңүл бурдуруу жана рак илдетине кабылгандардын арасындагы өлүмдүн санын кыскартуу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө ар бир бешинчи адам бул илдетке чалдыгат. Ар бир сегизинчи эркек жана ар бир он биринчи аял ушул оорудан көз жумат.

Ал эми Ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына караганда, бул оорулардан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM