Биз менен байланышыңыз

Президент авиация кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Окт 2023 | 321 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхы 1933-жылы Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин токтому кабыл алынгандан тартып башталганын, мына ошол дээрлик бир кылымдын ичинде жарандык авиациябыз жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташууда коопсуз, ыкчам жеткирүүнүн негизги булагына айланганын белгиледи.

«Эң алды сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана жарандык авиациянын 90 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын! Өлкөбүздө 1994-жылдан тартып 7-октябрь – Жарандык авиация күнү деп белгиленип келет. Бүгүнкү күндө дүйнө тез өзгөрүп, ааламдашуу ыкчамдап жаткан мезгилде Кыргызстан үчүн аба транспорту стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан жарандык авиация тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калат. Мамлекет авиация комплексинин инфратүзүмүн жолго салууга, аймактар аралык транспорттук байланыштарды чыңдоого, жаңы, келечектүү авиамаршруттарды ачууга өзгөчө көңүл бурууда», — деп айтылат куттуктоодо

Ошондой эле президент азыркы учурда өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүүдө масштабдуу максаттарга жетүү үчүн бул тармактын кесипкөй кызматкерлеринин мол тажрыйбасына таянып, ошону менен бирге мамлекеттик олуттуу колдоо чоң күч-дем болуп берерин кошумчалады.

Мындан сырткары ал бүгүнкү күндөгү кесипкөй муун кыргыз авиациясын мындан да жогорку деңгээлге көтөрөт деп ишенерин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM