Биз менен байланышыңыз

Рахмон Жапаровду дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгы менен куттуктады

Кыска кабар | 14 Янв 2023 | 471 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады.

«Акыркы отуз жылда биздин мамлекеттер достук жана ынак коңшулук маанайда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө белгилүү натыйжаларга жетишти. Эки көп тараптуу түзүмдөрдүн аянтчаларында кызматташуунун оң тажрыйбасына ээ, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп, глобалдык демилгелерди бирге илгерилетүүдө. Мен тажик-кыргыз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого салым кошот деп ишенем», -деп жазылган Рахмондун катында.

Ошондой эле ал учурдан пайдаланып Кыргызстандын президентине чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM