Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунда эки заводдун курулушу башталды

Кыска кабар | 23 Апр 2023 | 416 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарында «Кант ТШИ» заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында «Асыл-Таш»керамика заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты.

«Ушул заводдон чыккан продукциялар менен илгери Алматы, «Байконурга» чейинки курулуштар салынган. Азыр дагы трубалар, шиферлер, плиталар эл аралык талаптарга жооп берет, ЕАЭСтин реестрине кирген. Заводдо ISO стандартына шайкеш келген өзүнүн лабораториясы бар. Демек, завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич ж.б. курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз», — деди Жапаров.

«Кант ТШИ» заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 млн долларды түзсө, анын 8,5 млн долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 млн сомдон ашуун киреше түшөт.

Ал эми «Асыл-Таш» керамика заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш орду менен камсыз болот. Жумушчулардын 70-80% жергиликтүү элден алынып, калганы инженерлер, технологдор, программисттер ж.б. адистер болот. Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 млн долларды түзсө, анын 25 млн долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM