Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын эки ишканасына Орусияга балык экспорттоого уруксат берилди

Кыска кабар | 29 Апр 2023 | 327 | 0

Кыргызстандын эки ишканасына Орусияга балык экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан «Аква Пром» ЖЧК жана «Тянь-Шань-Фиш» ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү.

«2023-жылдын 27-апрелиндеги Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын катына ылайык жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 28-апрелинен тартып Кыргызстан Орусиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөө (төмөнкү эки ишкана) алынды. Эми «Аква Пром» жана «Тянь-Шань-Фиш» ишканалары Орусияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине «Нурагрорыбпром» ЖЧК жана «Дары Природы» ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM