Биз менен байланышыңыз

Баткенде тогуз айда 3062 жаңы жумушчу орун түзүлдү

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 438 | 0

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте облустагы аткарылган иштер жана аракеттер боюнча тогуз айдын жыйынтыгын укту.

Баткен облусунда быйыл 9 ай ичинде өнөр жай 2603,7 млн сом өндүрүп, өсүү темпи 231,2%га жеткен. Айыл чарбасы 16287,9 млн сом өндүрүп, өсүү темпи 89,7%ды түзгөн.

Ал эми салык жыйноонун планы 105,6 %га аткарылып, 855,5 млн сом түшкөн. Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 11363,2 млн сом болгон.

Тогуз ай ичинде 3062 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бул көрсөткүчтү былтыркы жылга салыштырганда 95,8%ды түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM