Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Бишкекте 2022-жылы 30 миң жумушчу орун түзүлөт

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 622 | 0

Бишкекте келерки жылы 30 миң жумушчу орун ачылат. Бул тууралуу мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев брифингде билдирди.

«Бишкекте экономика өсүүдө. Ал эми келерки жылы борбордо жана жеке чөйрөдө 30 миңден ашуун иш орун ачуу пландалып жатат», — деди Малдыбаев.

Мындан тышкары ал бизнести өнүктүрүү боюнча да иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Мисалга алсак, жаңы Салык кодекси иштелип чыгып, салыкты башкаруу күчөтүлүүдө.

«Мындай иштер жыл сайын жүргүзүлөт. Биринчи кезекте «Түндүкэлектр» ишканасынан маалымат алып, текшерүү жүргүзөбүз. Энергияны бош имаратта текке кетирүүгө болбойт», — деди бөлүм башчы.

Copyright © 2017 Maral FM