Биз менен байланышыңыз

«Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форуму өтөт

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 551 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 28-30-апрелде тажик тапатын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча Президентинин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери Баткен облусундагы учурдагы абал жана аткарылган иштер тууралуу отчет берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов курулуш иштеринин кечигип жатканын белгилеп, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды.

Андан соң Министрлер Кабинетинин төрагасы жабыр тарткан ишкерлерге каражат бөлүүнү тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле кеңешмеге катышуучулар «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумун өткөрүүгө даярдык маселесин карады.

Аталган маселе боюнча инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов маалымат берди.

Аталган иш-чара Баткен облусунда өткөрүлмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM