Биз менен байланышыңыз

Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы окуучулардын мушташынын чоо-жайы

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 1011 | 0

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында окуучулар мушташты. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма жерлигинде мектептен кайтып келе жаткан төрт кыргыз окуучусун 30га жакын тажик айылынын 11-классынын окуучулары сабаган. Кыргызстандык окуучулар жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Кийин кыргыз окуучуларынын аталары жана туугандары балдарды урган тажик окуучуларынын экөөсүн жана алардын ата-энелерин сабаган.

Маселеге байланыштуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода жетектеген өкүчүлүк менен жолугушуп, эки тарап өз аймактарында түшүндүрүү иштерин жана укук бузукчулукка жол берген жарандарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууну макулдашкан.

Учурда чек ара аймактарында абал тынч, жагдай укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө.

Copyright © 2017 Maral FM