Биз менен байланышыңыз

Орусияда мушташкан 400дөй мигранттын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынды

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 446 | 0

Москвада мушташкан 400дөй мигранттын 40 жылга чейин Орусияга кирүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазды.

«Мигранттардын жүрүм-туруму, мушташы, уруксат берилбеген ар кандай өнөктүктөргө, иш-чараларга катышуусу, дагы ушул сыяктуу маселелери боюнча маселе көтөрүлдү. Москвада мындай иштерге аралашкан 400гө жакын мигрантка административдик чара көрүлүп, 40 жылга чейин Орусиянын аймагына киргизбөө чечими кабыл алынды», — деген Ички иштер министрлигинин өкүлү Татьяна Дмитриева миграция күнүнө карата өткөн жыйында.

Буга чейин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев эмгек мигранттарынын арасында кылмыштын көбөйүшү улуттар аралык чыр-чатакка алып келип, башаламандыктардын чыгышына себеп болорун айткан.

Орусиянын Ички иштер министрлиги июнь айынан ноябрь айына чейин мигранттар арасында 11 массалык мушташ катталганын жергиликтүү басылмаларга маалымдаган.

Эске салсак, 2021-жылдын 12-июлунда Москванын түштүк-чыгышында Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттардын ортосунда мушташ чыгып, чыр-чатакка аралашкан 200дөй адамдын 103үн милиция кармап кеткен. Дагы экөө оор жаракат менен ооруканага түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM