Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын абагында каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга өткөрүлүп берилди

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 1753 | 0

«Кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн» деген айып менен Тажикстандын абагында жазасын өтөп жатып каза болгон Баткен облусунун Лейлек районунун 68 жаштагы тургуну Кудайберди Бекмуратовдун сөөгү бүгүн, 14-январда Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн басма сөз кызматкери «Маралга» билдирди.

Каза болгон Кыргызстандын жараны эки жылга кесилип, Тажикстандын №6 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев буга чейин Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген болчу. Облус жетекчисинин айтымында, учурда Тажикстандын абактарында Баткендин 10 тургуну бар.

Тажикстандын абагында жазасын өтөп жаткан Баткендин тургуну каза тапты

Copyright © 2017 Maral FM