Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын абагында жазасын өтөп жаткан Баткендин тургуну каза тапты

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 794 | 0

«Кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн» деген айып менен Тажикстандын абагында жаткан Баткен облусунун тургуну каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Алардын айтымында, каза болгон Кыргызстандын жараны эки жылга кесилип, Тажикстандын №6 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.

Ошондой эле элчилик Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын жаранынын өлүмү боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен нота жөнөткөнүн маалымдаган.

24.kg агенттиги жеке булактарына таянып, маркум Баткен облусунун 68 жаштагы тургуну Кудайберди Бекмуратов экенин жазып чыкты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Облус жетекчисинин айтымында, учурда Тажикстандын абактарында Баткендин 10 тургуну бар.

Copyright © 2017 Maral FM