«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору К.С.Ж. пара алуу фактысы боюнча 25-декабрда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору К.С.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1 млн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран материалдык кызыкчылыкты көздөп, жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган.