Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Акыркы 2 күн акча чачкандарга көзөмөл күчөтүлөт

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 831 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты. Анда 30 жылдан берки шайлоо процесстеринде административдик ресурс колдонулуп келгенин, анын кесепетинен ачык соодалашуу жүрүп, акыркы 10 жылдын ичинде баюу максатын көздөгөндөр шайлоого катышканын айтты.

Анын айтымында, айрым партия лидерлери акча топтоо менен шайлоону өзүнчө баюу булагына айландырышкан жана так талашууга чейин жетишкен.

«Салык төлөбөгөн, салыктан качкан, көмүскө бизнеси үчүн ашыкча жеңилдиктерди алуу, издерин жашырып кетүү сыяктуу арам ойлорун ишке ашыруу максатын көздөгөндөр Жогорку Кеңешке активдүү аттанышкан. Шайлоого мамлекеттен катып жүргөн акчаларынын баарын чачышкан. Ал эми бийлик башында тургандарды көмүскө кирешесинен тапкан «сол чөнтөктөгү» каражаттары менен сатып алып турушкан. Демек, бийлик ушундай көмүскө лидерлерге аргасыз көз каранды болуп калган. Мамлекеттик салык кызматынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген: башкасын айтпасак да – алкоголго, бензинге акциздер чогултулбай калганын билебиз».

Жапаров мындан ары бул бийлик 3 принципти туу тутуп иштей турганын белгиледи. Алар: элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү жана баарына бирдей салык төлөө талабы.

Ошондой эле ал бул шайлоодо тартип бузуулар 2 эсеге жана партиялардын фонддорун сарптоо 3 эсеге азайганын кошумчалады.

Мындан сырткары ал акыркы 2 күн акча чачкандарга көзөмөл күчөтүлө турганын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM