Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн 100 күндүк планын аткаруунун алдын ала жыйынтыгы чыгарылды

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 1110 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Өкмөттүн социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, биринчи кезектеги чаралар планын аткаруу алкагында төмөнкү багыттар боюнча комплекстүү иштер аткарылды:

  • инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү:
  • электрондук портал иштелип чыкты, ал ишкердикти жүргүзүү үчүн зарыл уруксат берүүчү документтер тууралуу бирдиктүү маалымат булагы болуп саналат;
  • Орус өкмөтү менен идентификациялоо каражаттары аркылуу товарларды маркировкалоо тутумун түзүүдө акысыз техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу келишимге кол коюлган;
  • энергиянын жаңыланып туруучу булактары долбоорлору үчүн жерге (мамлекеттик жана токой фонду) уруксат алуу жеңилдетилди.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу жана жеңилдетүү жаатында:

  • ушул жылдын 1-майынан 31-августуна чейин жарандардын айрым категорияларына, анын катарында жетим балдарга, 70 жаштан ашкан пенсионерлерге жана башка жактарга ички паспортторду (ID-карта) акысыз берүү боюнча Улуттук кампания ишке киргизилди;
  • ушул жылдын 3-майынан тарта биометрикалык чет өлкөлүк паспортторго арыздарды кабыл алуу башталды;
  • «open space» форматында төрт жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды;
  • ушул жылдын 1-апрелинен тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспортун тариздөө тутуму ишке киргизилди, ошондой эле транспорттук каражаттардын электрондук паспортун тариздөө жүрүүдө. Аталган тутум ЕАЭБ аймагында мыйзамдуу болуп саналат;
  • ушул жылдын башталышынан тарта мамлекеттик электрондук тейлөө порталында 24 мамлекеттик тейлөө жана сервис көрсөтүү (жалпысынан 123 тейлөө көрсөтүү) ишке ашырылган;
  • мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүүдө жарандардан жана юридикалык жактардан маалымкаттарды жана документтерди суроо процедурасы жоюлган;
  • кыймылсыз обьектилерди долбоорлоого, курууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат документтерин берүү боюнча маалыматтык тутум иштелип чыккан жана 54 шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыкта ишке киргизилген;
  • uslugi.gosstroy.gov.kg порталы иштелип чыккан, анда уруксаат документтерин алууга арыздар электрондук форматта кабыл алынып, аны көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү каралган (бүгүнкү күндө республика боюнча 8 230 арыз жана  1097 колдонууч катталган);
  • экспертизага электрондук форматтагы долбоордук-сметалык документтерди кабыл алуу боюнча www.gosexpertiza.gov.kg электрондук порталы иштелип чыгып, тесттик режимде ишке киргизилген (1 этап).

Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында:

  • керектүү товарлардын жана азык-түлүктүн баасын туруктуу кармап туруу үчүн 3 миң тонна кумшекер жана 1 миң тонна өсүмдүк майын сатып алууга 318 млн сом бөлүнгөн;
  • Орусиядан 2213,9 тонна кумшекер жана 506 тонна өсүмдүк майы алынып келинген, алар калктын социалдык аяр катмарына бөлүштүрүлүп берилет.

Саламаттыкты сактоо жаатында:

  • Саламаттыкты сактоо мекмелеринде «Электрондук жеңилдетилген рецепт» маалыматтык тутуму ишке киргизилди;
  • «COVID-19 вакцинациясынын учету» жана «Гуманитардык жардам эсеби» маалыматтык тутуму ишке киргизилди;
  • Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармекти жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды;
  • COVID-19га каршы эмдөө боюнча Улуттук план кабыл алынды;
  • «COVID-19суз саякаттайм» долбоорунун алкагында Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагына жаңы коронавирус инфекциясына иликтөөлөрдүн терс натыйжасы көрсөтүлгөн шартта кире ала турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген;

12-майга карата пландаштырылган 50 иш-чаранын 29у аткарылды, ал эми 12ден ашык иш-чара аяктоо алдында турат.

Артыкчылыктуу иш-чаралар планынын пункттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты угуп, Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, 10-июнга чейин бардык иш-чаралар натыйжалуу жана толук көлөмдө аткарылышы керектигин белгиледи.

«Ар бир жетекчи биринчи кезектеги чаралар планынын пункттарынын аткарылышы үчүн жекече жооп берет. Ушул документти ишке ашырууда шалаакылык көрсөткөн жактар үчүн кызматтан бошотууга чейинки тартиптик чаралар колдонулат», — деп жыйынтыктады ал.

Copyright © 2017 Maral FM