Биз менен байланышыңыз

Бакашова ПЧР тесттин жыйынтыктарын бурмалоо фактыларын жеке көзөмөлүнө алды

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 642 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган ПЧР-тесттен өтүү тууралуу жасалма тастыктамаларды берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузууларды изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча жеке менчик лабораториялардын ишин мыйзамга ылайык кароо тапшырылды.

Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү, мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM