Биз менен байланышыңыз

Бакашова кызы менен таксиде иштеген жарандын абалын жеке көзөмөлүнө алды

Кыска кабар | 12 Авг 2021 | 430 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жашы жете элек кызы менен таксиде иштөөгө мажбур болгон жарандын абалын жеке көзөмөлүнө алды.

Нурилло Мухамеджанов – эки баланын атасы, жубайы бир ай мурун экинчи баласы төрөлгөндөн кийин көз жумган. Анын айтымында, кызын бала бакчага албай жаткандыктан, таксиде чогуу ала жүрүүгө мажбур болууда.

Бүгүнкү күндө кызы Свердлов районунун №171 бала бакчасына электрондук кезекке тургузулду.

Мындан тышкары Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кызматтык териштирүү жүргүзүп, жарандын жубайынын каза болгондугунун жагдайы боюнча маалымат берүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM