Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Пенсиялык камсыздоо күчөтүлөт

Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 3781 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү пенсиялык тутумду реформалоо маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага белгилегендей, мамлекеттин социалдык саясатынын натыйжалуулугун мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн бири катары жарандарды пенсиялык камсыздоо деңгээли саналат.

«Салык жана бажы тутумун реформалоо жыйынтыкталуу алдында турат, келерки жылдын январь айынан тарта биз пенсиялык тутумду реформалап баштоону пландаштыруудабыз. Анын негизги максаты – тутумдун жалпы катышуучулары үчүн бирдиктүү укукту камсыздоо эсебинен адилеттүүлүкту жана натыйжалуулукту жогорулатуу жана пенсиялык камсыздоо принциптерин кучтөндүрүү», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Социалдык фонддун «Келечек булагы» өнүктүрүү жана туруктуу экосистеманы куруу боюнча стратегиясы да сунушталды.

Стратегияны талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Жапаров Социалдык фонддун жетекчилигине айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM