Биз менен байланышыңыз

2020-жыл: Кыргызстандыктарды күткөн 7 өзгөрүү

Коом , Кыска кабар | 1 Янв 2020 | 12601 | 0

economist.kg сайты жаңы жылдын келиши менен кыргызстандыктарды күтүп жаткан бир нече өзгөрүүлөр тууралуу жазып чыкты. Андагы маалыматтарга таянсак, 2020-жылдан тарта үчүнчү өлкөлөрдөн унаа ташууда бажы төлөмдөрү он эсеге кымбаттайт. Бишкекте коомдук транспорттор милдеттүү түрдө электрондук билеттештирүүгө өтөт. Орусиянын 3 шаарына темир жол каттамдарынын акысы кескин арзандайт. Мындан сырткары, дагы бир катар өзгөрүүлөрдүн болушу күтүлүп жатат.

1. Германия кыргызстандыктарга визанын санын көбөйтүп бере баштайт.

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен «Марал» радиосуна маек куруп жатып, Германия кыргызстандыктарга визанын санын көбөйтүп бере баштай турганы кабарлады.

2020-жылдын 1-январынан тарта Германиянын элчилиги кыргызстандыктарга Испания, Италия жана Австрия өлкөлөрү үчүн виза берүүсүн токтотот. Натыйжада, жарандар Германияга көбүрөөк виза ачтыра алышат.

Испания, Австрия, Италияга виза ачтырууну каалаган кыргызстандыктар Казакстандын Нур-Султан же Алматы калаасына барышы керек. Бирок элчилик Шенген келишими боюнча виза берүү иштерин улантат.

2. Бажы төлөмдөрү он эсе кымбаттайт

1-январдан тарта тарта Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген транспорт каражаттарына болгон бажы алымдары 10 эсеге чейин жогорулайт. Мисалы, 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 1 миң 250 доллардан 13 миң 600 долларга чейин жогорулайт. Анткени жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрында токтойт.

3. Май куюучу станцияларда мунайзаттарын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулат.

2020-жылдын 1-январында Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында мунайзаттарын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулат. Анын башкы максаты Кыргызстанга мунай заттарын алып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга көзөмөлдү күчөтүү. Ишкердик субъектилер өз алдынча АЗС мунай заттарын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын орнотот. Ал техникалык талаптарга шайкеш келиши керек. Тийиштүү талаптарга ылайык келбеген учурда, бул АЗСте мунайзаттарын чекене сатууга тыюу салынат.

Мунайзаттарды өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъектилер салык кызматынын маалыматтык системасынын жеке кабинети аркылуу технологиялык чынжырчасы боюнча мунайзаттарды жүктөө үчүн электрондук коштоочу коштомо кагазды тариздеши керек. Ал кагазда мунайзаттар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жана башка маалыматтарды жүзөгө ашыруучу транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар камтылат. Кененирээк бул шилтемеден окуй аласыз: http://mineconom.gov.kg/ky/post/6084

4. Электрондук эсеп-фактуралар колдонулат.

Жаңы жылдан тарта бардык кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр жана импорттук-экспорттук операцияларды жүзөгө ашыруучулар милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтөт. Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүүгө күн мурунтан даярданууга чакырат. Бул үчүн алар электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорго кошула алышат. Мындан тышкары, алдын ала квалификациялуу электрондук кол тамга алыш керек. Кененирээк: http://www.sti.gov.kg/ky/bardyk-janylyktar/2019/11/30/elektronduk-esep-fakturalardy-koldonuu-boyuncha-keneshti-1240-nomeri-arkyluu-aluuga-bolot

5. Бишкекте коомдук транспорт бирдиктүү электрондук картага өтөт. 

Бишкекте мериянын балансындагы автобус жана троллейбустардын жүргүнчүлөрү бирдиктүү электрондук карта алууга милдеттендирилет. Бирдиктүү төлөм картасынын 3 түрү бар. Мисалы, жашыл түстөгүсү жеңилдиктер каралган (льготный) карта болот. Ал окуучулар жана пенсионерлер үчүн жасалган.

Белгиленген тариф боюнча мектеп окуучуларына берилчү электрондук билеттин бир айлык баасы — 175 сом. Ал эми шаар тургундары үчүн 495 сомду түзөт. Желимден жасалган билеттин баасы 50 сом, кагаздан жасалганы 40 сом. Электрондук билеттин акчасын ай сайын бирдик салгандай эле кайра жүктөсө болот. 30 күн ичинде каалашынча колдоно бересиз. Эгерде карта жоголуп же жараксыз болуп калса, жаңысын алууга болот.

Пенсия курагындагылар, майыптыгы барлар жана почта кызматкерлерине электрондук билет акысыз берилет. Акысыз карточканы 7 жашка чейин балдар да колдонот.

6. Айрым продукцияларды ыктыярдуу маркалоо боюнча пилоттук долбоор иштей баштайт.

Мындан тышкары, 1-январдан тарта бут кийим товарларын, алкоголдук жана тамеки продукцияларын ыктыярдуу маркалоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет. Товарларды маркалоонун автоматташтырылган системасын жүргүзүү боюнча Мамлекеттик салык кызматы жооптуу.

7.  Москва, Новосибирск жана Казань шаарларына темир жол билеттери арзандайт.

Дагы бир өзгөрүү жөнүндө айтсак, Кыргызстандан Орусиянын Москва, Новосибирск жана Казань шаарларына темир жол билеттери арзандайт. Кыргыз-Темир жолу мамлекеттик ишканасы Орусиянын Темир жол ишканасы менен 2020-жылдан тарта жүргүнчүлөрду ташуунун баасын арзандатуу боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, жүргүнчүлөргө билет сатып алууда төмөндөгү тартипте жеңилдиктер берилет:

Эгерде жүргүнчү поезд билеттерин 41 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 60% жеңилдик берилет. Ал эми 31 күндөн 40 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 50%га арзан баада сатып алса болот.

Эгерде 15 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 45% жеңилдик бар. Поезд жүргөнгө чейин билетти 4 күндөн 14 күнгө чейин сатып алса 25% жеңилдик берилет. Бирок жамаат менен жүргөн жүргүнчүлөргө аталган жеңилдиктер колдонулбайт.

Copyright © 2017 Maral FM