Биз менен байланышыңыз

«Салык кызматына жаңы инструменттер киргизилет»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Мар 2021 | 962 | 0

Акыркы убактарда укук коргоо органдары ишкерлерди текшерген фактылар күчөп кетти. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бизнесмендердин арыздарынын 80%дан көбү Салык кызматы боюнча түшөт. Буга байланыштуу «Кылмыш» жана «Салык» кодекстеринин ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу иштери башталды, өзгөртүүлөр кирет.

Салык кызматына Орусиянын техникалык жардамы аркылуу иновациялык жаңы инструменттер киргизилет.

Бул отчетторду берүүдө, салыктарды төлөөдө салык төлөөчүлөрдүн түйшүгүн бир топ жеңилдетет. Ошол эле маалда укук коргоо органдарынын суроолору кыскарат.

Ишкерлердин салыктан, социалдык төлөмдөрдөн карыздары болсо, аларды толугу менен төлөгөн учурда айып, туумдарды толугу менен жокко чыгаруу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM