Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн 100 күндүк планына 50 иш-чара киргизилди

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Мар 2021 | 1120 | 0

Өкмөттүн 100 күндүк планына жалпысынан 50 иш-чара киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 100 күндүк планга актуалдуу жана ыкчам чечүүнү талап кылган маселелер, ишке аша турган реалдуу иш-чаралар киргизилген. Маселен, азык-түлүк коопсуздугу жана товарлардын баасы, жумушсуздукту жоюу, ишкерлерге жана инвесторлорго колдоо көрсөтүү сыяктуу бир катар багыттар камтылган.

100 күндө конкреттү иш-чара жана натыйжа болушу керек. 1-июнга чейин толук аткарылышы шарт. Учурда иш-чараларды аткарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Аткарылбай калса, жоопкерчилик маселеси да каралган.

Экономикалык кылмыштуулукту адмнистративдик нормаларга которуу боюнча да иштер алынып барылат. Анткени ишкерди же инвесторду камакка алуу маселени чечпейт.

Мындан сырткары, жаштарды колдоо боюнча 8 улуттук борбор ачылат. Айылдар таза суу менен камсыздалат (7 айылда 15 миң адам). Калган иш-чаралар 2-этаптын планына киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM