Биз менен байланышыңыз

1-2-августта Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин I жыйыны өтөт

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 849 | 0

1-2-августта Бишкек шаарында Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттик аппараттын Стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Жыйынга Орусиядан, Казакстандан, Катардан, Түштүк Кореядан, АКШдан, Украинадан, Бириккен Араб Эмираттарынан келишкен мекендештер катышат. Жыйындын ишине онлайн ресурстары аркылуу катышуу да каралган.

Данияр Иманалиев билдиргендей, чет өлкөлөрдөгү мекендештер мекенине кайтып келиши жана мекендештердин өлкөнү өнүктүрүүгө катышуусу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу максатында түзүлгөнүн белгиледи.

Ал 1-августта Кеңештин жыйыны алкагында мекендештердин мамлекеттик органдар менен жолугушуусу жана күн тартибине ылайык секцияларда иштөө күтүлүп жатканын баса белгиледи.

2-августта Кеңештин жыйыны Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт. Анда миграциялык саясаттын Концепциясы, «Мекен-карт» демилгеси жана мекендештердин өлкөбүздү өнүктүрүүгө инвестициялоосу жана катышуусу үчүн экономикалык, финансылык инструменттерди түзүүгө багытталган «Мекеним» программасынын долбоору талкууланат.

Андан тышкары, миграциялык саясаттын башка маселелери да талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM