Биз менен байланышыңыз

Президенттик аппараттын жетекчисинен, жалпы 17 кызматкерден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 663 | 0

Президенттин аппаратынын дагы 9 кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жакында эле Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышты.

Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевде да коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды. Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.

Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, 24-июнда президенттик аппараттын кызматкерлери коронавируска кабылганы аныкталган. Москвадагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн президентти коштоп барган делегациянын ичинен 2 адамдан коронавирус табылып, президент парадга катышпоону чечкен.

Copyright © 2017 Maral FM